Кыргызстанда жаңы төрөлгөндөргө коюлган эң популярдуу ысымдар аталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда жаңы төрөлгөндөргө коюлган эң популярдуу ысымдарды атады.

 

Кыздарга көбүнчө Салиха, Фатима жана Айлин деп ат коюлган. Популярдуулардын тизмесинде Сафия, Амина жана Алия да бар.

 

Эркек балдарга Мухаммед, Умар жана Али деген ысымдар көп ыйгарылган. Амир, Билал жана Усман деген аттар да арбын.

 

Мекеме быйылкы жылдын алты айында Кыргызстанда жалпысынан дээрлик 60 миң наристе төрөлгөнүн кошумчалады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.