Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу болот.