Кыргызстанда журналисттерге «Мейкин» сыйлыгы берилет

Президенттин Жарлыгы менен медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарыла турган «Мейкин» сый акысы уюштурулду. Тийиштүү Жарлыкка 12-июнда кол коюлду, максаты — журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү.

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча үч айлык мөөнөттө “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссия түзөт.

 

Президенттин Иш башкармасы өлкө башчынын фондунан сый акыны уюштуруу боюнча байге фондун түзүп жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражатты бөлөт.