Кыргызстандык жөө күлүктөр Венгрияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтө турган жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, турнир 19-27-августта Будапешт шаарында өтөт.

Чемпионатка Кыргызстандан Тимур Исаков менен Гүлшанай Сатарова машыктыруучу Андрей Полубабкиндин жетекчилиги астында катышат.