Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазды

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынан билдиришти. Генералдык прокурордун отставкасын Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек.

 

Учурда бул кызматка талапкерлер тандалып жатат. Эске салсак, Курманкул Зулушев прокуратура тармагын 2020-жылдын октябрында жетектеп баштаган.