Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде бир позицияга төмөндөдү.
Жаңыланган тизмеде биздин команда 102-орунда жайгашат. Жалпысынан рейтингде 210 курама бар. Лидерлердин бешилтигине – Аргентина, Франция, Испания, Англия жана Бразилия кирет.
Сентябрда 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо этабынын үчүнчү раунду башталат. 5-сентябрда кыргызстандыктар Иран курамасы менен ойносо, онунда Бишкекке Өзбекстан футболчулары келет.