Кыргызстандын футбол боюнча суперкубогун “Алай” командасы жеңип алды

Кыргызстандын футбол боюнча суперкубогун “Алай” командасы жеңип алды.

Оюн Оштогу Ахматбек Суюмбаев атындагы стадиондо кечээ, 8-мартта өттү.

Былтыр Кыргызстандын чемпиону жана кубоктун ээси “Абдыш-Ата” болгон.

Буга байланыштуу суперкубок үчүн беттеште Абдыш-Атанын атаандашы 2022-жылдагы өлкө чемпионатында 2-орунду ээлеген “Алай” командасы болду.

Оюндун жүрүшүндө беттештеги жалгыз голду борбордук чабуулчу Рыскелди Артыкбаев киргизди.