Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи этабы башталды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, өнөктүк 24-июлга чейин созулат. Кабыл алууга сунушталгандардын аты-жөнү 25-июлда жарыяланат, алар окуу жайда билим ала турганын сөзсүз түрдө тастыкташы керек. Жалпысынан кабыл алуу 5 тур менен өтөт.
Абитуриенттерден арыздар жана документтер топтому “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган системасы аркылуу кабыл алынат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.