Кыргызстанга жеңил унаанын импорту кескин өстү

Кыргызстанга жеңил унаанын импорту кескин өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын 11 айында өлкө аймагына 33 миң 890 жеңил машине жеткирилди.

 

Бул 2021-жылга салыштырмалуу 3 эсе көп. Унаанын көбү Түштүк Кореядан – 7 миң 342, Грузиядан – 6 миң 560 жана АКШдан келет – 4 миң 600. Андан тышкары, Кыргызстанга транспорт Япония, Литва жана Кытайдан ташылат.