Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрь айында башталат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрь айында башталат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Рыскулбек Жумабаев билдирди.

 

Анын айтымында, темир жол Кашкар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Андижан каттамы менен өтөт. Долбоор ишке кирген соң жылына жүк ташуу көлөмү 15 миллион тоннага чейин жетет, ал эми жүк жеткирүү мөөнөтү 7 күнгө чейин кыскарат.

 

Белгилеп кетсек, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна жалпысынан  4 миллиард 700 миллион доллар талап кылынат.  Өлкө бийлиги насыя алууну пландап жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.