Лейлектин үч айылын таза суу менен камсыздоо жакшырды

Лейлек районунун үч айылында суу кудугу казылып, таза суу жана сугат суу муктаждыгы жеңилдеди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматта айтылгандай, суу долбоору үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каражаттын эсебинен 2,6 млн сом бөлүнгөн.

 

Учурда Ак-Терек айылынын Боз-Көлмө участкасында 30 кожолуктун 4,5 гектар жерине сугат суу берүү жакшырды. Коргон айылынын Сары-Таш учаткасында 30 кожолуктун 5 гектар жер аянтына кошумча суу берилүүдө. Чоюнчу айылынын Чарбак-Сай участкасында эки суу кудугу казылып, биринчиси таза суу үчүн, экинчиси сугат суу үчүн пайдаланылууда. Таза сууну 25 кожолук, сугат сууну 50 кожолук 7,5 гектар жер аянтына пайдаланат.

 

Белгиленгендей, суу кудуктарынын ишке берилиши менен Лейлек айыл аймагында жалпы жер 17 гектар жер аянтын суугаруу жакшырды.