Өлкөдө балдарды биринчи класска кабыл алуунун экинчи этабы жүрүүдө

Өлкөдө балдарды биринчи класска кабыл алуунун экинчи этабы жүрүүдө.

 

Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу 30-августка чейин уланат.

 

Экинчи этаптын алкагында ата-энелер балдарын жашаган жерине карабай, бош орундары бар мектептерге жаздыра алат. Ал үчүн маалыматтык системага арыз калтыруу керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.