Өлкөдө “Кыргыз Республикасын өнүктүрүү мамлекеттик банкы” түзүлөт

Өлкөдө “Кыргыз Республикасын өнүктүрүү мамлекеттик банкы” түзүлөт. Тиешелүү чечим Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде талкууланды.

 

Маалыматка ылайык, банктын директорлор кеңеши 7 адамдан турат. Үчөөсүн парламент бекитсе, 3 мүчөнү жана банктын төрагасын министрлер кабинети дайындайт.

 

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын негизги максаты – кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыяларды берүү болот.