Өлкөдө “Тилектештик автобусу” аталышындагы акция башталды

Чүй, Ош жана Нарын облустарында “Тилектештик автобусу” аталышындагы акция башталды.

Юстиция министрлиги билдиргендей, ал 25-мартка чейин уланат. А

кциянын алкагында аймактардын тургундары пенсия, жөлөкпул, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алуу боюнча маалымат ала алышат.

Жарандарды кабыл алуу административдик, агартуу, коомдук жана профилактикалык борборлордо жүргүзүлөт.