Мүлктөрдү ыктыярдуу легалдаштыруу жыл аягына чейин созулат

Мүлктөрдү ыктыярдуу легалдаштыруу жыл аягына чейин созулат. Парламент депутаттары мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты.

 

Буга чейинки мөөнөт 9-июнга чейин болчу.

 

Апрель айынын башындагы маалыматка ылайык, 2 миң 139 адам декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 66 адамдын мүлкүнүн баасы 100 млн сомдон ашып, 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку салык төлөдү.