Майыптарга кам көргөн жеке ассистенттерге төлөнчү акы жогорулады

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көргөн жеке ассистент кызматы үчүн төлөм көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалымат боюнча 1-июлдан тарта жеке ассистент төлөмү 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин жогорулаган.
«2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон балдарга жеке ассистент кызматы көрсөтүлөт. Ошондой эле президенттин жарлыгы менен 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеке ассистенттин кызматы бала кезинен баштап биринчи топтогу (18 жаштан улуу) майыптар үчүн киргизилген», — деп айтылат маалыматта.
Учурда өлкө боюнча 14 537 адам жеке ассистент кызматын көрсөтүп жатат.