Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Талапкерлигин өлкө башчы сунуштаган Асаналиев Ысык-Көл облусунда туулган, 46 жашта.
Буга чейин Ош облусунун жана Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болуп эмгектенген.
Ал эми 2020-жылдан берки башкы прокурор Курманкул Зулушев 3-июнда өз каалоосу менен арыз жазганы белгилүү болгон.