Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөдө 12 объект куруп жатат. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл соңуна чейин 10 миңден ашуун батир эксплуатацияга берилет. Ипотекалык батирдин чарчы метри 550-650 доллардын тегерегинде болот.
Бүгүнкү күндө жеңилдетилген шартта үй алуу үчүн 28 миңдей адам кезекте турат.