“Манас” аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

“Манас” аэропорту штаттык режимде иштеп жатат.

 

Аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, буга чейин Бишкек – Абу-Даби рейсине каттоодо анча чоң эмес бузуулар аныкталган, бирок ал көпкө созулган жок. Учурда бардыгы кадимки тартипте иштеп жатат, каттамдар жүгүртмөгө ылайык аткарылууда.

 

Эске салсак, Windows системасындагы ири техникалык ката кетип, аэропорттор иштебей, дүйнө жүзү боюнча авиакомпаниялардын учуулары токтотулду.