Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында күмүш медаль багындырды

Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медал тагынды

Париж Олимпиадасында 11-августка караган түнү кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык Дүйнө чемпиону Абдумалик Халоков менен беттешип, жеңилди (0:5).

 

Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги. 28 жаштагы мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жеткен биринчи мушкер болду.Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимп оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.