Нарын дарыясынын жээгинде аллея курулат

Нарын дарыясынын жээгинде аллея курулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Эс алуу аймагынын узундугу 850 метр, ал эми жалпы аянты 3 миң чарчы метрден ашат.

 

Бул жерде таман таштар төшөлүп, айланасы тосулуп, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Аллеяын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 18,5 миллион сом каралды. Объект 31-августта ачылат деп пландалууда.