Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектептин курулушу уланууда.

 

Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак-жай мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Чолок-Кайың айылында жайгашкан окуу имараты  275 окуучуга чакталат.

 

Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Ведомстводон белгилешкендей, буга чейинки мектептин имараты 40 мурда салынып, анда оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, авариялык абалга келген.