Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы спорт зал ачылды.
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Кош-Дөбө айылындагы объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 23 миллион 700 миң сом бөлүнгөн.
Спорт залдын жалпы аянты 648 чарчы метрди түзүп, ал бардык шарттар менен камсыздалган.