Нарын шаарында коомдук жайларда акысыз интернет берилет.
Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ал үчүн “Смарт-Нарын — 24” долбоорунун алкагында 20 жерге акысыз Wi-Fi таратуучу түйүн орнотулат.
Долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду. Ал август айынын ичинде ишке киргизилет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.