Нарын облусунда Калинин – Пограничник – Кызыл-Туу унаа жолуна асфальт төшөлдү. Транспорт жана коммуникацилар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган унаа жолдо 3 чакырым аралыкка асфальт төшөлүп, жумуштар толук жыйынтыкталды.
Учурда жолчулар тарабынан жолдун 7-10-чакырым аралыгында орто оңдоо иштери жүрүүдө.