Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдар боюнча парламент депутаттарын шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды

Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдар боюнча парламент депутаттарын шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды. Жарандардын аты-жөнү “Тизме” порталында жайгаштырылды.

 

19-июнга чейин шайлоочулар өздөрүн тизмеден текшерип, катачылыктар болсо аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылуу керек. Эске салсак, Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдар боюнча парламент депутаттарын шайлоо 30-июнда өтөт.