Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу жабылды

Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу жабылды.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ кечинде жааган нөшөрлүү жаандан кийин Жийде айыл аймагында сел жүрдү.

 

Трассанын  55-63-чакырымдар аралыгын суу каптап, жол жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Ведомстводон эскертишкендей, өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу 22-июлга чейин сакталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.