Нооруз майрамына арналган салттуу жарманке бүгүн Бишкекте өтөт

Нооруз майрамына арналган салттуу жарманке бүгүн Бишкекте өтөт. Иш-чараны Тышкы иштер министрлиги жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөр уюштурууда.

 

Жарманкеде дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнөн өзгөчө буюмдарды, сувенирлерди, улуттук тамак-аш жана суусундуктарды тапса болот. Товарларды сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.