Нооруз майрамына карата төрт күндүк эс алууда Бишкекте калкты тейлөө борборлору иштебейт, бирок кичи тейлөө борборлору эки күн жарандарды кабыл алат.
Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Эске салсак, 21-мартта Нооруз майрамы белгилеленет. Андан улам 21-март бейшембиден 24-мартка чейин өлкөдө эс алуу жарыяланып, калкты тейлөө борборлору дагы иштебейт. Бирок 23-24-мартта Бишкектеги эки кичи борбор ачык болот. Алар Тынчтык проспектиндеги соода борбордо жана ЖЭБдин жанындагы супермаркетте жайгашат.