Олимпиада-2024: Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат

Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат.

 

Париждеги Олимпиада оюндарында 27-июлда 14 медалдардын топтому ойнотулат.

Кыргызстандын спортчуларынан биринчилерден болуп Денис Петрашов 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт.

 

Денис Петрашов акыркы жарышта сүзөт.

 

Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.