Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 55-чакырымы бир тараптуу ачык

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 55-чакырымы бир тараптуу ачык.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сел катталган Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагына ыкчам топ тартылып, учурда унаа жолдо тазалоо иштери жүрүүдө.

 

Белгилей кетсек, күн мурун Көк-Жар айыл аймагында саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Натыйжада Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын суу каптап, каттам убактылуу жабылган болчу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.