Ош облусунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош облусунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Бүгүн эртең менен Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 19-чакырымы эки тараптуу жабылган.

 

Жерине №26 жол тейлөө кызматынан жолчулар жана атайын техника тартылып, трасса бир тараптуу ачылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.