Ош облусунда жалпысынан 342 турак-жайды суу каптады.
Президент администрациясынын соңку маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаандан кийин Кара-Суу районунун айылдарында сел жүрүп, 16 унаа жабыркады, 25 гектар айдоо жери жараксыз абалга келди.
Учурда аймакта 400гө жакын куткаруучу, 50 атайын техника иштеп жатат.