Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга бүгүн 380 куткаруучу жана  44 техника тартылды

Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга бүгүн 380 куткаруучу жана  44 техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда калыбына келтирүү иштери Кара-Суу районунда жана Ош шаарында жүрүп жатат.

 

Учурга карата Кара-Сууда селден жабыркаган 718 үйдүн 600дөн ашыгы тазаланып бүттү. Селдин кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундар, соодагерлер жана Жарандык коргонуу кызматтары да иш алып барууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.