Ош облусунун Кара-Суу аймагында жарыксыз калган бардык абоненттерге электр энергиясы берилди

Ош облусунун Кара-Суу аймагында жарыксыз калган бардык абоненттерге электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеринде авариялык оңдоп-түзөө бригадалары, атайын техника иштеп, подстанциялар, трансформаторлор калыбына келтирилди.

 

Ошондой эле жаңы мамылар орнотулду.

 

Чыңалуу толук кандуу берилип жатат. Эске салсак, 14-июлда аймакта катуу сел жүрүп, 8 даана электр тирөөчүн сел агызып, 7 миң 500 керектөөчү жарыксыз калган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.