Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы бала бакча курулууда. 120 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси Нариман айылында жайгашат.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган. Бакчанын жалпы аянты 1 миң 80 чарчы метрди түзөт.