Ош облусунун Жаңы-Барак айылында курулуш иштери улануууда. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, бул жерде Барак эксклавынан көчүрүлүп келген кыргызстандыктар жашайт.
Бүгүнкү күнгө карата 101 турак-жайдын курулушу жүрүп жатат. Андан тышкары, Ынтымак – Достук 5 кабаттуу үйүнүн долбоорун түзүү, документтерин даярдоо иштери жүрүүдө.
Ал 4 блоктон турат, ар биринде 40тан батир болот. Турак-жай комплексинде кичи футбол талаасы жана 140 балага эсептелген бала бакча курулат.