Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу толугу менен ачык

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу толугу менен ачык. Бул тууралуу Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүп бүттү.

 

Эске салсак, эки күн мурун нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымы жана 82-чакырымындагы жол жабылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.