Ош шаарында эки көчөнү капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, жумуштар №177 жана Чкалов көчөлөрүндө жүргүзүлдү. Дээрлик 3 чакырымга асфальттын жаңы катмары төшөлдү.
Андан тышкары, тротуарлар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлүп, көчө жарыгы орнотулду.