Ош шаарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

Ош шаарындагы борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче, жалпысынан 120 куткаруучу «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери менен бирге Ак-Буура дарыясынын жээгинде издөө, куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

14-июлда түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел агызып кеткен жети жашар кыздын сөөгү Өзбекстанда табылганын ӨКМ билдирди. Мекеме кыздын сөөгү Кыргызстанга «Достук» чек ара бекетинен өткөрүп алынарын, дагы эки аялдын жана эки кыздын сөөгү изделип жатканын кошумчалады.