Ош шаарындагы жарнамалык такталар санариптештирилет

Ош шаарындагы жарнамалык такталар санариптештирилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жарнамалык такталардын ээлерине апрель айында эскертүүлөр берилип, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

 

Белгиленгендей, жалпысынан шаар боюнча 300дөн ашык эски үлгүдөгү жарнамалык мегаборддор бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.