Ош шаарынын борбордук базарында селден 750 контейнер жабыркады

Ош шаарынын борбордук базарында селден 750 контейнер жабыркады. Алардын ээлерине 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди.

 

Ал белгилегендей, каражат каттоодон расмий өтүп, салык төлөп жүргөн жана патенти бар ишкерлерге гана берилет.

 

Эске салсак, 14-июлда нөшөрлөп жааган жаандан кийин Ош облусунда жана Ош шаарында сел жүргөн. Ылай аралар суу базардын ичин дагы каптаган.