Ош шаарынын селден жабыркаган аймактарына таза суу берүү кечкиге чейин жанданат

Ош шаарынын селден жабыркаган аймактарына таза суу берүү кечкиге чейин жанданат. Бул тууралуу 24 агенттигине түштүк калаа мэриясынан ишендиришти.

 

Белгилеп кетсек, кечээ жүргөн сел электр подстанцияларын жана насос станцияларын жууп кеткен. Жыйынтыгында таза суу берүү үзгүлтүккө учурады. Тиешелүү кызматтар сууну сордуруп жатат.