Ош-Төлөйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгып калды

Ош-Төлөйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгып калды. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аталган трассанын жалпы 5 чакырымына асфальт төшөө иштери июнь айында башталган.

 

Учурга карата жумуштардын 70 пайызы аяктады. Жеринде 10 атайын техника жана 15 жумушчу иштеп жатат.