Ошто эки деңгээлдүү унаа жолунун курулушу башталды

Ошто эки деңгээлдүү унаа жолунун курулушу башталды.

 

Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак-жай чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, объект Монуев, Шакиров жана Алимжанов көчөлөрүндө жайгашат.

 

Күтүлгөндөй, эки деңгээлдүү жолдун курулушу шаардагы тыгындар маселесин чечүүгө чоң жардам берет. Ведомстводон кошумчалашкандай, долбоорду ишке ашыруу үчүн аймактагы айрым имараттарды жана объектилерди түрттүрүү керек болот. Учурда ээлери менен түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.