Ошто электр энергиясын берүүнү жандантуу боюнча иштер уланууда

Ошто электр энергиясын берүүнү жандантуу боюнча иштер уланууда. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, селдин кесепетинен 7,5 миңден ашык жаран жарыксыз калган.

 

Учурга карата 5 миң 500 үйгө электр энергиясын берүү мүмкүн болду. Жеринде авариялык-калыбына келтирүү бригадаларынын 26 кызматкери иштеп жатат. Андан тышкары, 6 атайын техника тартылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.