Ошто Юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды

Ош шаарында Юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

Юстиция башкармалыгынын имаратынын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Беш кабаттуу имаратта калкка юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар тузүлөт.

 

Мурунку Ош юстиция башкармалыгынын имараты 1971-жылы курулган жана авариялык абалда болчу.

 

Жаңы имаратта юстиция башкармалыгы, пробация департаменти, Мамлекеттик нотариалдык контора жайгашат, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык кызматтар көрсөтүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.