Ошто коомдук тамактануу жайларындагы санитардык нормалардын сакталышына көзөмөл күчөтүлдү. Мэриядан билдиришкендей, бул тамак-ашка уулануу учурларын алдын алууга багытталган чара.
Профилдик органдардын кызматкерлери кафе-ресторандарды, тез тамактануу түйүндөрүн жана соода борборлорун текшерүүдө. Кандайдыр бир бузуулар аныкталса, протокол түзүлөт.