Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы 14-июлда Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү (7 жаштагы кыз) Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылганын билдирди.

Министрлик кыздын сөөгү Кыргызстанга «Достук» чек ара бекетинен өткөрүп алынарын кошумчалады.

Мекеменин маалыматына ылайык, дагы эки аялдын жана эки кыздын сөөгү изделип жатат.