Оштогу сел каптаган базар башка жерге көчүрүлөт

Оштогу сел каптаган базар башка жерге көчүрүлөт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.
Маалыматка ылайык, ал Ош шаарында жана облусунда селден жабыркаган жерлерди көрүп, жапа чеккендер менен жолугушкан.
«Мындан ары баары мыйзам чегинде болот. Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар алынат. Базар дагы көчүрүлөт. Себеби бул нерсе дагы кайталанышы ыктымал. Эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан базар коопсуз жайга көчүрүлөт», — деди Ташиев.
Ошондой эле ал мамлекет тарабынан тиешелүү камкордук көрүлүп, жардам берилерин кошумчалады.
Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Ош облусун сел каптап 1000ден ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Анын кесепетин жоюу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Тилекке каршы, апаат беш адамдын өмүрүн алды.